Дарыгерлерди үйүнөн жумушка, кайта жумуштан үйүнө алып барып турушат

25 март 2020 10:32 1601 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эпидемиологиялык абалга көзөмөл салып, коронавирустун алдын алуу жана анын жайылып кетишине жол бербөө үчүн иштеп жаткан дарыгерлер менен ооруканаларда иштеген врачтар үчүн атайын транспорт уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө өзгөчө абал учурунда Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди үйүнөн жумушка, кайта жумуштан үйүнө алып барып келип турарын айтты. Транспорт уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын ыкчам штабы менен талкууланган. Учурда транспортторго уруксат алынып, дарыгерлердин тизмеси дагы такталууда.

“Мэрия өз кезегенди эпидемиологияга каршы иш аракеттерди жүргүзүү үчүн 19 транспорт берет. Андыктан бул маселе каралып жатат. Тизмеге ылайык, дарыгерлердин санын тактап жатабыз”, — деди Акматова.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerlerdi-jnn-zhumushka-kajta-zhumushtan-jn-alyp-baryp-turushat



Добавить комментарий