Дарыгерлер өзү күнөөлүүбү? Министр аларга эмне үчүн коронавирус жугуп жатканын айтты
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медициналык кызматкерлерге коронавирус эмне үчүн жугуп жатканынын божомолдуу бир себебин айтып берди.
Министр дарыгерлерге вирустун жугуп жатышы алардын коргоочу кийимдери сапатсыз болуп жатат дегенди түшүндүрөбү деген суроого мындайча жооп кайтарды.
“Булар эмне үчүн ушундай болду деп атайын эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүү керек. Башка дарыгерлер деле ушундай эле кийимдерди кийишти. Балким алар айрым эрежелерди бузуп, сактабаса керек. Ошондуктан оорунун козгогучуна дуушар болгон. Бардыгына эле бирдей коргоочу кийим берилген. Сапаты жаман деп күнөөлөгөн болбойт. Мунун баарын атайын иликтеп туруп, так айтабыз”, — деди ал.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуккан дарыгерлердин саны 19га жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-z-knlb-ministr-alarga-emne-chn-koronavirus-zhugup-zhatkanyn-ajtty
Добавить комментарий ×