Коронавирус чыккан аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге кандай жардам берилет? Министрдин жообу

7 апреля 2020 09:39 2325 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус чыккан эпидемиологиялык аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча каражат төлөнүп бериле турганын республикалык штабдын пресс борборунан билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсептен 32 миллион сом бөлүнгөн, ошол каражат дарыгерлерге кошумча каражат катары төлөнүп берилет.

Абдикаримов акчанын төлөнүшү дарыгерлердин иштеген жерине жараша болорун айтты. Мисалы эпидемиологиялык абал курч болгон аймактарда иштеген дарыгерлерге айлыктан тышкары 45 миң сом, медайымдарга 43 миң сом жана ал жакта иштеген башкаларга 41 миң сомдун тегерегинде акча төлөнөт.


“Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, - деди министр.
Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

7-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан 228 киши аныкталды. Анын ичинде 19 дарыгер бар.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-chykkan-ajmaktarda-ishtep-zhatkan-darygerlerge-kandaj-zhardam-berilet-ministrdin-zhoobu



Добавить комментарий