Дарыгерлер коронавирустун жеңил түрүнүн да коркунучтуу кесепеттерин атады
Коронавирустун жеңил түрү менен эле ооруп сакайып кеттим деп кубануу эрте, себеби анын кесепети чоң. Бул тууралуу Daily Mail британиялык Coverscan дарыгерлер тобунун тыянактарына шилтеме берип жазган маалыматка таянып “Барометр” которду.
COVID-19 оорусун жуктуруп алган эки жүздөн ашуун бейтаптын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, коронавирутун жеңел түрүрү менен ооруган бейтаптардагы белгилер узак убакытка чейин сакталып, алардын дээрлик 70% бир же бир нече органдары жабыркаган.
Көбүнчө өпкө, жүрөк жана уйку бези коркунучта болгон. Ошондой эле вирус бөйрөк, боор жана көк боордун татаалдашын шарттаган.
Мындан тышкары, жугуштуу оорудан сакайгандан бир нече ай өткөндөн кийин да, адамдар аба жетпей, булчуңдары кысылып, башы ооруп жаткандыгына нааразы болушкан.
Эскерте кетсек, 11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясынын эпидемиясын пандемия деп жарыялаган. Жалпысынан 54 миллиондон ашуун адам бул илдетке чалдыккан, алардын 1,3 миллиондон ашыгы каза болгон. Жугуштуу оорулардын көпчүлүгү АКШда, Индияда жана Бразилияда катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-koronavirustun-zheil-trnn-korkunuchtuu-kesepetterin-atady
Добавить комментарий ×