Дарыгерлер эс учун билбей ооруканага түшкөн жигиттин жакындарын издеп жатат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 9-августта эс учун билбей ооруканага түшкөн жигиттин өздүгүн тактоо үчүн дарыгер коомчулуктан жардам сураган. Жанар Айдарова аттуу дарыгер бейтаптын сүрөтүн инетернет баракчсасына жайгаштырып, анын жакындарын издеп жаткандыгын билдирген.
Анын айтымында 20-22 жаштардагы азият түспөлүндөгү жаш жигит эс учун жоготкон абалда 7-августта ооруканага түшкөн. Бүгүн, 9-августа бейтапты Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө которушкан. Дарыгердин айтымында бейтаптын жанында уюлдук телефон, эч кандай документ болбогондуктан өздүгүн аныктоого мүмкүн болбой жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-es-uchun-bilbej-oorukanaga-tshkn-zhigittin-zhakyndaryn-izdep-zhatat
Добавить комментарий ×