Смартфонду жанына коюп уктоо канчалык кооптуу

3 март 2020 13:20 1970 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Смартфондордо болгон радиожыштык радиациясы адам денесинин ткандарына сиңип, анын ден-соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Гаджеттерди жанына коюп уктоо эмне үчүн кооптуу экендигин жана смартфондон бир мүнөткө ажырабагандардын ден-соолугунда кандай көйгөйлөр жарала тургандыгын адис айтып берет. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине дарыгер-невропатолог Мария Игнатованын берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Айрым изилдөөлөргө ылайык, смартфондордон чыккан радиожыштык радиациясы тукумсуздук, рак, неврологиялык жана психикалык бузулуулардын коркунучун жогорулатат", - деди дарыгер.

Дарыгер электромагниттик радиожыштык талаалары эң оболуу балдар үчүн коопту, кош бойлуу аялдар, жүрөк-кан тамыр, нерв жана иммундук системасы бузулган адамдар үчүн да коркунучтуу экенин белгиледи. Бирок, учурда смартфондордон чыккан радиожыштык радиациясынын адам организмине тийгизген таасири жөнүндө ишенимдүү маалыматтар жок.

Чоңдордун жана балдардын ден-соолугу үчүн эң коркунучтуу нерсе - караңгыда смартфондорду колдонуу.

"Телефондун экранынын көгүлтүр жарыгы көзгө, биологиялык ритмге терс таасирин тийгизип, уйкусуздукту, баш ооруну, эс тутумдун начарлашын жана көздүн деградациялык ооруларынын пайда болушун шарттайт", - деп түшүндүрдү Игнатова.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-smartfondu-zhanyna-koyup-uktoo-kanchalyk-kooptuu-ekendigin-ajtty



Добавить комментарий