Дарыгер: Грипптин «А» түрүнүн жаңы тиби таралууда
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынан алынган лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин эпидемиялык сезондо грипптин “А” түрүнүн «H3N2» субтиби менен жүрүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динагуль Оторбаева Бишкекте болгон бригфингдин маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, алынган 265 анализдин 42 пайызында грипптин “А” түрүнүн «H3N2» субтиби аныкталды.
Анализдердин 29 пайызы метопневмовирус, 29 пайызы үчүнчү типтеги парагрипп, 18 пайызы боковирус, 14 пайызы респиратордук-синцитиалдык вирус, 12 пайызды сезондук коронавирус бар экенин көрсөткөн.
Эл аралык медико-санитардык эрежелерге ылайык А гриппинин жаңы подтиби пандемия пайда кылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ссылка: https://barometr.kg/daryger-gripptin-trnn-zhay-tibi-taraluuda
Добавить комментарий ×