Ден соолукка коопту эртең мененки адаттар кайсылар? Дарыгердин кеңеши
Англиялык дарыгер, теле алып баруучу Мириам Стоппард ден соолукка зыян келтире турган таңкы адаттарды атады. Бул тууралуу дарыгердин Mirror басылмасына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Дарыгердин айтымында, ойгонгондан кийин дароо эле көнүгүүлөрдү жасоого аракет кылбаңыз, анткени организм суусузданып турганда ийкем болбойт. Ошондуктан таңды бир стакан кайнатылып, муздаган сууну ичүү менен баштаганыңыз оң. Анан да эртең мененки этиятсыз көнүгүү жүлүндүн жабыркашына алып келиши мүмкүн экенин эскертет дарыгер.
Мындан тышкары, эртең менен атадка айландырып алган кофе же бир стакан апельсин ширесин колдонбогонго аракет кылыңыз, анткени бул суусундуктар кандагы канттын деңгээлин бир топ жогорулатат. Себеби ойгонгондо дароо кандагы инсулиндин деңгээлин көзөмөлдөгөн процесстер күткөндөй натыйжа бербейт. Ошондуктан, дарыгер бул суусундуктарды ичерден мурун эртең мененки тамакты ичүүнү сунуштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/daryger-den-soolukka-kooptu-erte-menenki-adattardy-belgiledi
Добавить комментарий ×