Дары-дармектин баасын ким көтөргөнү айтылды
Бишкек мэриясы фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, дарылардын кымбатташы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына таянып «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрияга калаа тургундары дарылардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы боюнча арызданышкан.
Анын негизинде, учурдагы эрежелердин сактоо менен чогулуш өткөрүлөн. Ага аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, фармацевттер жана укук коргоо органдары менен Финполициянын (ЭКККК) өкүлдөрү катышкан.
"Биз ишкерлерди дарыга суроо-талап күчөп жатканда бааны көтөрүп, алып сатарлык менен алектенбөөгө чакырдык. Препараттын наркын өзүм билемдик менен көтөргөндөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерттик", — деп айтылат маалыматта.
Дары-дармектин баасын аны ташып келген компаниялар коюшаары белгилүү болду. Шаардык мэрия муну эске алуу менен, препарат алып келгендер менен сүйлөшүүнү убадалады.
Ссылка: https://barometr.kg/dary-darmektin-baasyn-kim-ktrgn-ajtyldy
Добавить комментарий ×