Дароо көңүл буруу керек: инсультка чейин пайда болушу мүмкүн болгон таңкы симптомдор

13 март 2023 09:30 765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Инсульт кооптуу оору, мындай диагноз мээнин кайсы бир бөлүгүнө кан жетпей, токтогондо коюлат. Сиздерге инсульт болордун алдында билинүүчү белгилерди “Барометр” санап берет.

Кээ бир учурларда, өз убагында билип алдын алса болот. Мээге кан менен бирге кычкылтек жана азык агымы чектелсе же токтоп калса, мээ клеткалары өлүп баштайт. Бул ишемиялык инсульт, ал бардык инсульттардын 85 пайызын түзөт. Мээни азыктандырып турган алсыраган кан тамыр жарылганда пайда болгон геморрагиялык инсульт да болот. Убактылуу ишемиялык чабуулдар, микро инсульт деп аталат, мээнин кан менен камсыз болушу бир нече мүнөттөн 24 саатка чейин бузулат. Бирок кооптуу патология дайыма эле күтүлбөгөн жерден чыга бербейт - кээде инсультту алдын ала айтууга болот.      
     
 
 
 
 
 

Кооптуу белгилердин бири – толук же жарым-жартылай кыска мөөнөттүү көрүү жоготуу. Анын үстүнө, бул симптом эртең менен адам уйкудан жаңы ойгонгондо пайда болот.       

"Көздүн инсульттары жакынкы келечекте олуттуураак инсульттан кабар бериши мүмкүн. Чакан тамырлар бүтөлүп, адамдын көрүүсү начарлайт", - дешет Harvard Health адистери.         
Бактыга жараша, көрүүнү кайра 80 пайыз учурларда толугу менен калыбына келтирсе болот. Тактап атйканда кичинекей артериялар бул көйгөйдү тез чечет.         
Бирок, бул абал коркунучтуу бойдон калууда, анткени көрүү нервинин алдыңкы бөлүгүндө жайгашкан ткандарга кан агымынын жетишсиздиги көрүүнүн ар кандай көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн жана өз убагында дарыгерге кайрылбасаңыз, жарым-жартылай же толугу менен сокур болуп калышыңыз мүмкүн        .        

 "Көпчүлүк инсульт менен жабыркагандар ойгонгондон кийин дароо бир көзү көрбөй калганына даттанышат. Ошол эле учурда алар оору жана башка ыңгайсыздыкты сезишпейт. Кээ бирлери көзүнүн алдында кара так же кызыктай көлөкө пайда болгонун айтышат", - дейт  Пенсильвания университетинин окумуштуулары.           

Көрүү жөндөмүңүз кескин начарлап кеткенин түшүнсөңүз, анда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыңыз.           Ошентип, сиз коркунучтуу патологияны алдын алууга жардам бере аласыз.              

Анда сиздерге инсульттун алдын ала берилүүчү белгилерин санап берели.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

  1. күн сайын пайда болгон курч баш оору, стресстик жагдайлар жок болсо да, кыжырланасыз жана жетиштүү уктай албайсыз;                
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
     
  2. уюп калуу: колго, бутка же дененин башка бөлүгүндө уюп калуу пайда болот;                
  3. бир нече күндөн бери кетпеген манжалардын учунда жагымсыз кычышуу;                  
  4. бир көздүн көрүү көйгөйлөрү: сиз толугу менен көрбөй калдыңыз, көңүлүңүздү топтой албайсыз же көзүңүздүн алдында туман пайда болду;                  
  5. "кара так": тик карасаң баары ар дайымкыдай, бирок солго же оңго карасаң эле "кара так" пайда болот. Бул учурда бир гана көз жабыркайт.                  

Инсульттун бул белгилери инсультка чейин бир жумага чейин пайда болушу мүмкүн.             

Ссылка: https://barometr.kg/daroo-kl-buruu-kerek-insultka-chejin-bir-neche-kn-murun-pajda-bolushu-mmkn-bolgon-taky-simptom



Добавить комментарий