Данияр Эрматов сөзү, обону өзүнө таандык ыр жаратты
Бөлүшүү:
Ырчы Данияр Эрматов сөзү обону өзүнө таандык "Бир туугандарым" деген ырын жарыкка чыгарды. Бул туурасында ал өзүнүн баракчасына "Мен сүйүнсөм кошо сүйүнүп, кайгырсам кайгымды бөлүшкөн бир туугандарым үчүн ыр жаздым. Жүрөктөн чыккан ырым сиздер үчүн!"-деп билдирди.
Учурда көпчүлүк ырчылар эски ырларды жаңыртып, жаңылап гана ырдап калышканы көпчүлүккө маалым. Андыктан интернет колдонуучулар ырчынын бул эмгегине мактоо айтышты. Чыгарма көпчүлүккө кандай таасир берет, көпкө жашаган ыр болобу, аз жашайбы, азыркы ырчылардын дараметин убакыт көрсөтөт демекчибиз.
Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-ermatov-sz-obonu-zn-taandyk-yr-zharatty
Добавить комментарий ×