Дайынсыз жоголгон Камиланы табууга көмөк сурашууда

13 апрель 2019 15:48 2840 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коомдук коопсуздук кеңеши 2002-жылы туулган Камила Абдубаитованы табууга көмөк сурайт. 

Кыз 2019-жылы 18-февралда  Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарындагы  Правобережной көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес. 

Кызыл куртка, күрөң баш кийим, кызгылт шарф тагынып, кара түстүү спорттук шым кийип жүргөн. 

Бою 165-170 см, салмагы 40-50 кг,  дене түзүлүшү арыкчырай. 

Өзгөчө белгилери: оң жак кашынын алдында тырык бар. 

Кыз тууралуу маалымат билгендер болсо: 0553 60 03 83, 0771 84 97 19 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-kamilany-tabuuga-kmk-surashuuda



Добавить комментарий