Дайынсыз жоголгон Камиланы табууга көмөк сурашууда
Поделиться в:
Коомдук коопсуздук кеңеши 2002-жылы туулган Камила Абдубаитованы табууга көмөк сурайт.
Кыз 2019-жылы 18-февралда Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарындагы Правобережной көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.
Кызыл куртка, күрөң баш кийим, кызгылт шарф тагынып, кара түстүү спорттук шым кийип жүргөн.
Бою 165-170 см, салмагы 40-50 кг, дене түзүлүшү арыкчырай.
Өзгөчө белгилери: оң жак кашынын алдында тырык бар.
Кыз тууралуу маалымат билгендер болсо: 0553 60 03 83, 0771 84 97 19 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-kamilany-tabuuga-kmk-surashuuda
Добавить комментарий ×