Дагы бир “смотрящий” каймана аттуу криминалдык чөйрөнүн мүчөсү кармалды

17 октябрь 2023 10:18 1443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дагы бир кирминалдык чөйрөнүн мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ош облусунун жашоочусу арыз менен кайрылып, аны алдап жүргөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

“ 2019-жылы Ош базарындагы унаа базарында унаанын ээсине бир жаран келип, анын унаасын алууга кызыктар экендигин көрсөткөн.  Унаа базарында товарды мактап, сатуучунун ишенимине кирген. Убада берүү менен ал баасы 200 миң сомдук «Ауди-А6» үлгүсүндөгү унааны алдоо жолу менен ээлеп алган. Жогоруда көрсөтүлгөн сумманын бир аз гана акчасын  берип, жакынкы күндөрү калган суммасын алып келип берүүнү убадалаган.  Бирок сатып алуучу ошол бойдон жоголуп кеткен.

Бул факты боюнча 2023-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн  кызматкерлери жүргүзүшкөн.  Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон жана криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Ошондой эле, криминалдык чөйрөнүн түшүнүгүн карманат жана “смотрящий” криминалдык статусуна ээ. Аны Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынан жүргүзүлгөн.

Иликтөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-smotryashij-kajmana-attuu-kriminaldyk-chjrnn-mchs-karmaldy



Добавить комментарий