Дагы бир ата-эне 2 жаштагы кызын катуу зордуктап, сүрөтүн фейсбукка бөлүштү
Америкада жашаган жубайлар өздөрүнүн 2 жаштагы кызын катуу зордуктаган. Бул тууралуу Мetro булагы билдирди.
Полиция берген маалыматка таянсак, 25 жаштагы Джеррад Коддингтон жана анын аялы, 29 жаштагы Кристина Нельсон-Коддингтон 2 жаштагы кыздын колуна кишен салышкан жана зомбулукка алышкан.
2 жаштагы кызынан тышкары алар багып алдык деген башка балдарын дагы зомбулукка алып, кыйнап уруп-сабашкан.
Мындан тышкары ата-энеси кичинекей кыздын интимдик сүрөтүн Facebook социалдык тармагына жүктөшкөн.
Экөө тең учурда камакка алынды. Аларга сексуалдык мүнөздөгү жаман мамиле жасоо, балдар порнографиясын даярдоо, ошондой эле I даражадагы зордуктоо, инцест жана жашы жете электерге катуу мамиле кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Жубайларды эң аз дегенде 20 жылга абакка кесишет.
Эскерте кетсек, буга чейин Россияда жубайлар 16 жаштагы кызын зордуктап кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-ata-ene-2-zhashtagy-kyzyn-katuu-zorduktap-srtn-fejsbukka-blsht
Добавить комментарий ×