Дааратканага барган аялдын мээсине күч келип 10 жылдык жашоосун унутуп калды
Ичи каткандан жабыркаган Гонконгдун тургуну дааратканага баргандан кийин өмүрүнүн акыркы 10 жылындагы окуяларды унутуп калды. Бул тууралуу Лента.ру сайты жазды.
Сарсанаа болгон жакындары дарыгерлерди чакырышкан. Аялды ооруканага жаткырып текшерүүгө алышканы медиктер мээсини иштөөсүндө эч кандай өзгөрүүлөр болбогонун аныкташкан.
8 саат өткөндө өткөн жылдагыларды эстегени менен дааратканага барганга чейинки күндөрдү эсинен чыгарган.
Врач-невролог Пэн Цзясюндын айтымында бейтапта убактылуу транзитордук глобалдык амнезия же 2 сааттан 8 саатка чейин капысынан эс-тутумун жоготуу болгон.
Аял ичи катып кыйналгандан улам мээге кычкылтек аз барып, ушундай кесепетке алып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/daaratkanaga-bargan-ayaldyn-meesine-kch-kelip-10-zhyldyk-zhashoosun-unutup-kaldy
Добавить комментарий ×