Канчанчы кабатта жашап жатканыңыз жашоого кандай таасир берет?
Адам көп убактысын үйүндө, тактап айтканда, жерден бир нече метр бийиктикте өткөрөт. Бул өз учурунда адам өмүрүнө, ден соолугуна таасир берет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Биринчи, экинчи жана үчүнчү кабат психологиялык жайлуулук тартуулайт. Бирок мында аба алмашуунун кыйындыгы, көлөкө, нымдуудук сыяктуу маселелер бар. Бул көгөргөн жерлердин пайда болушуна алып келет. Адамдарда бронхит, пневмония, түрдүү аллергия оорулары пайда буолушу мүмкүн.
Ошондой эле, төмөнкү кабатта турган адамдар автоунаа чаңы, асфальттын буусу сыяктуу көйгөйлөрдөн көп зыян чегишет. Ал эми жогорку кабатта тургандар электромагниттик нурлардан зыян тартышат. Бул мээге, тамырларга, нерв системасына таасир бериши мүмкүн. Ошондой эле, жогорку кабатта тургандар уйкусуздукка кабылшат.
Баш оорулар, жүрөк, кан тамыр оорулары, психологиялык жабыркоолорго тез кабылышат, кан басымы өзгөрүп турат. Ушундайча ар бир кабаттын өздүк артыкчылыктары менен кемчиликтери бар. Мисалы Европа өлкөлөрү үчүн 6чы кабаттан жогору туруу ден солукка зыян болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13815
Добавить комментарий ×