Аялдын тагдырына ал төрөлгөн ай кандай таасир берет? Март.

22 февраль 2022 11:25 1988 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айрым элдердин байыркы ишенимдеринде адам кайсы айда төрөлсө анын мүнөзү жана тагдыры ошондой аныкталат деп айтылып келген. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн март айында туулган айымдын мүнөзүн сыпаттайбыз. 

Мартта төрөлгөн айымдар берилген жубай боло алат. 

Жаздын алгачкы айында туулган айымдар өздөрүнүн берилгендиктери менен өзгөчөлөнөт. Аларга жашыруун сырларды айтууга ал тургай бирге чалгынга чыгууга дагы болот. Мындай сапаттарына жана өзгөчө жагымдуулугуна көп мырзалар кызыгышат.

Бул айымдар үйдүн куту, жубайынын сүйүктүү жары, камкор эне боло алышат. Алар өздөрүн өздөрү сынга алганды жакшы көрүшөт, көп учурда жакшы жактарына эмес жаман жактарына көп көңүл бура беришип өздөрүнө ишенимсиздикти пайда кылат. Бул мартта төрөлгөн айымдын эң начар сапаттарынын бири. Болбосо алар чыныгы айым деген атка татыктуу жандар.  

Ссылка: https://barometr.kg/content13464



Добавить комментарий