Москвада белгилүү куудул Александр Шаляпиндин жансыз денеси табылды

25 январь 2021 16:58 5786 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү орусиялык стендап-куудул Александр Шаляпиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу life.ru сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

41 жаштагы Шаляпиндин сөөгү бүгүн, 25-январга караган түнү саат бирлер чамасында Хорошевское шоссесиндеги батирден табылган. Куудулдун менеджери анын каза болгонун тастыктап, шоумендин жашоосунда акыркы учурда көйгөйлөр болуп жүргөнүн айтты.

Учурда, артист өз жанын өзү кыйган деген маалымат такталып жатканы кабарланды. 

Маалым болгондой, Шаляпин узак убакыттан бери спирт ичимдигине көз каранды болуп жүргөн жана Белгороддогу наркологиялык клиникада жети ай дарыланган. Ал бир нече күн мурун Москвага келген.

Александр Шаляпин - киноактёр, стендап-комикс, Stand Up шоусунун катышуучусу. Бир нече ай мурун КВНге чыгып, “Биринчи каналдагы” Big Difference пародия шоусуна катышкан. Ошондой эле, артист "Бумер-2", "Сваха", "Любовь как любовь", "Глухарь-2", "Карпов", "Женщины против мужчин" аттуу 50дөн ашык тасмада роль жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-belgil-kuudul-aleksandr-shalyapindin-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий