Чыпалак баатыр өзүнө издеп жаткан жубайына койгон талаптары кандай?
Коомго Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов эми өзүнө жубай издеп жатканын кабарлады. Ал жөн гана жубай издеп тим болбостон, болочоктогу колуктусуна бир катар талаптары да бар экенин айтууда. Ал өз сөзүндө:
“Үйлөнгөнгө убактым келди демекчимин. Жалгыздыктан тажадым Тажикстанга кетким келбей жатат таарынып дегендей. Саламатсыңарбы менин өзгөчө күйөрман сүйөрмандарым жана дүйнө жүзүндөгү бүтүндөй өзгөчө сулуу татынакай, түшүнүктүү кыздар срочно мен силерди издейм дегендей. Үй-бүлө куруу максатында, мага жолуккула же жазгыла 18 жаштан 38 жашка чейинки кыздар жарайт мага. Өзүм жөнүндө айтсам, элдин баары эле билет мени, мен актёр, рекордсмен, ырчы жана бир топ трюктардын авторумун. 2018-жылы интернетте эң популярдуу болуп, телевидениеге да чыккам эксклюзив болуп. Азыр жаңы образдардын үстүнөн катуу иштеп кичине тыныгуудамын. Жашым 33. Үйлөнгөн эмесмин, балам жок. Туура жолдо жашап мени өзгөчө сүйүп түбөлүк мени менен бактылуу болуп калам деген сулуу айымдар болсо улутуна карабай улутума карабай баш кошуп жашаганга даяр элем”, -деп жазып өзү тууралуу да маалымат бере кетти.
Көпчүлүк дагы да болсо Зарылбектин өзүн мындай алып жүргөнүнө таң калып бүтпөй келет.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-zn-izdep-zhatkan-zhubajyna-kojgon-talaptary-kandaj
Добавить комментарий ×