Чыныбай Турсунбековдун көзү тирүү болгондо бүгүн 60 жашка чыкмак

15 октябрь 2020 11:09 1950 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков бүгүн көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак.

Чыныгы лидер, эр жүрөк, саясатчы, кыргыздын мыкты уулу болгону 59 жашында көз жумган.

Коомчулук Чыныбай Турсунбековду саясатчы, жеке ишкер катары таанып келишкен. Бирок, ал көп кырдуу талант, билим дегенде ичкен ашын жерге койгон илимпоз экенин айрымдар билбесе керек. Ал ар дайым китепти көп окуп, билимди баалаган киши болгон.

Кыргызда депутат десе эле жеп-ичкич, желмогуздай көрөбүз. Бирок, Чыныбай Турсунбеков депутат деген улуу атты булгабаган, тайманбас, эч кимге күн карама болбогон эркин саясатчы эле.

Турсунбеков Чыныбай Акунович 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1997-жылы ал, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду. 2003-жылы ал Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык эгемен Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Ал 2010-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп  шайланып, фракцияны жетектеген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да социал-демократтардын тизмесин жетектеп барып, кайрадан фракция лидери болгон.

2016-жылы ал Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган.

Артында эки кыз, бир уулу калды.

Эскерте кетсек, ал 2020-жылы 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан жакшы боло албай каза болгон.

Чыныбай Турсунбеков 7-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген.

Чыныбай Турсунбеков мыкты саясатчы, жаштарга мисал боло алган ишкер, адабиятка да из калтырган акын катары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталып калат. 

Анын аруу балалыгына чогуу барып, бала кезде жазган ырынан бир үзүм:

Жай чилдеде

Ызылдашат чиркейлер үйүлүп,

Кой сарайдын артына чөп үйүшүп.

Жүрүшөт окуучулар,

Күлүшөт шаттанышып.

Мурат менен Атыркүл бир боо чөптү

биргелешип үймөккө барат ташып.

Сарайдын эшигине Мааткеримов

М+А=Сүйүү деген

сүйлөмдү аппак бор менен

салат жазып.

Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekovdun-kz-tir-bolgondo-bgn-60-zhashka-chykmak



Добавить комментарий