Чынар Капарова Кыргызстандан кетээрин айтты: "Жакшы туруңуздар!"

14 март 2019 17:09 17758 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Диктор Чынар Капарова бир аз убакыт Кыргызстандан сыртта болоорун билдирди. Бул тууралуу Капарова өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

Ал өз постуна:

“Урматтуу досторум, замандаштарым. Илимий ишиме байланыштуу чет өлкөгө 3 ай окууга кетем. Ага чейин эч бир окуяга азгырылбай тилди жакшыртышым керек, илимий ишимди тыңдашым керек! Андыктан мени фейсбук баракчаман таппай каласыздар. Айрымдар менден эс алып да калышаар... жакшы турунуздар!”, -деп жазып чыкты.

Чынар Капарова коомдогу болуп жаткан окуяларга фейсбуктагы баракчасы аркылуу активдүү түрдө пикирин калтырып келет. Чет элде жүргөндө мени таппай калышыңыздар мүмкүн дегенинин себиби да мына ушунда болушу ыктымал.

Ал эми ал кайсы өлкөгө кандай илимий ишин жактоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Капарованын көпчүлүк окурмандагы жакшы барып келишин тилеп, ак жол каалашты.

Ссылка: https://barometr.kg/chynar-kaparova-kyrgyzstandan-keteerin-ajtty-zhakshy-turuuzdar



Добавить комментарий