Чычкандар кол салып, абактагылар көчүрүлүүдө

23 июнь 2021 13:05 8273 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түрмөсүн талаа чычкандары каптап кетип, абакта жаткан жүздөгөн адамдар менен абак кызматкерлери эвакуацияланууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттин маалымат булактарына шилтеме берип "Барометр"  билдирет.

Чычкандар аталган штаттын айыл чарба районунда жайгашкан Веллингтон түрмөсүнүн имаратынын шыбы менен кабелдерин кемирип кетишкен.

“Кызматкерлер менен абакта жаткандардын ден соолугу менен, коопсуздугу биздин башкы приоритет, ошондуктан зыян алып келбегендей клып тез аракеттенүүгө туура келди”, - деп айтты ЖМКга берген маегинде Жаңы Түштүк Уэльстеги түрмөнүн директору Питер Северин.

Ушул айдын соңуна чейин абакта жаткан 420 киши менен 200 кызматкер башка жайга көчүрүлөт.

Кошумчалай кетсек, акыркы бир нече айдан бери Чыгыш Австралияда чычкандардын “чабуулу” күчөп, алар үйлөр менен эгинди зыянга учуратышууда.

  

Ссылка: https://barometr.kg/chychkandar-kol-salyp-abaktagylar-kchrld



Добавить комментарий