Чычкан суусуна колун жууп жатып түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды
Чычкан суусуна түшүп кеткен аялдын сөөгү бир айдан кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 4-августта нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында, Токтогул районунда суудан аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар суудан аялдын сөөгүн алып чыгышып туугандарына беришти. Каза тапкан аял 1960-жылы туулган Д.В. болуп чыкты.
Эскерте кетсек, 2-августта Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында 61 жаштагы аял Чычкан суусуна колун жууйм деп жатканда түшүп кеткен. Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп, бирок суунун деңгээли төмөндөгөнгө чейин убактылуу токтотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/chychkan-suusuna-kolun-zhuup-zhatyp-tshp-ketken-ayaldyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×