Чубак ажы 46 жашка толмок. Аалымыбыздын насаатарын эстеп, элесин эскерип гана кала бердик

21 январь 2021 13:53 5770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таасирдүү акыл-насааттары аркылуу көптүн көңүлүнө жол таба билген Чубак ажы Жалиловдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 21-январда 46 жашка толмок. “Барометр” арабыздан эрте кеткен аалымыбыздын айткандарын, берген кеңештерин эстеп, элесин эскерүүнү туура көрдү.

Дүйнөлүк ханафий аалымдар лигасынын мүчөсү, Борбор Азияга таанымал диниятчы, Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов 2020-жылдын 11-июль күнү эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, тилекке каршы, дарыгерлердин жасаган аракетинен майнап чыкпай, аалымыбыздан айрылып калганбыз.

Чубак ажынын каза болгону тууралуу суук кабар жалпы элди сестентип, ичибиз эңшериле аалымыбызды алдырып жибергенибизге кайгырып гана кала бердик. Интернетте түп көтөрүлө насаат айткан ажыбыз, жол көрсөткөн устатыбыз жок калды деп көздөрүнө жаш ала “пост” жазган мекендештерибиз сан жеткис болду.

Баарыбыз түп көтөрүлө даярдыгы жок чабал медицинабызды, ал тармакты көзөмөлдөй албаган бийликти, өкмөтүбүздү жемелеп гана кала бердик.

Ал өзүнүн кыска өмүрүндө жаштарга берген таалими, жер кыдырып айткан насааттары, илимий эмгектери менен башкалардан айырмаланып турчу. Канчалаган мыкты адистерге устаз болуп, илим-билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Аалымыбыз кетсе да, айтып кеткен насааттары, куйкум аралаштыра сүйлөгөн тамшалары элине белек болуп кала берди.

Анын ар дайым үй-бүлөлөрдүн бекемделишине, аял жана эркектин үйдөгү оорду тууралуу таамай айткан насаатары менен көптөгөн жаш жубайларга мыкты жол көрсөтө алды.


Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти алтын медаль, жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен аяктаган.

Бишкек шаарындагы “Хазрети Умар” ислам институтун, Сауд Арабиясындагы "Умм ал-Кура" эл аралык университетин аяктаган.

1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин, 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, “теология” боюнча магистрдик даражасына ээ болгон. Бишкек шаарында Хадис академиясын негиздеп, аны жетектеген.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, Аалымдар кеңешинин бир канча чакырылышынын мүчөсү болгон. 2018-жылы Дүйнөлүк ханафий Аалымдар кеңешинин лигасына мүчө болуп тандалган.

Фикх, араб тилинин грамматикасы, тафсир, хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси болгон. Бир нече китептин автору.


Чубак ажы Жалиловдун артында үч уулу, үч кызы калды.

Дин аалымы каза болгон учурда Кыргызстанда жана дүйнөдө пандемия күч алып, өлкөдө карантин болуп турган. Бирок, чектөөлөргө карабай, миңдеген мекендештерибиз аалымды жерге берүү зыйнатына барып катышып, ажыны акыркы сапарга узатууга барышкан.

Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун сөөгү анын кичи мекени Базар-Коргон районунун Мундуз айылына жерге бирилген.


Автор: Жанышбекова Чолпон

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhynyn-kz-tir-bolgondo-bgn-46-zhashka-tolmok-aalymybyzdyn-nasaataryn-estep-elesin-eskerip-gana-kala-berdik



Добавить комментарий