Чолпон Талипбек сүрөтүн фотошоп менен жасап алып, ушак таратып жаткандарга нааразы болду

11 октябрь 2018 14:50 4286 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Нон Стоп тобунун экс солисткасы Чолпон Талипбек жакында эле төшүн операция менен чоңойтуп, көпчүлүккө талкуу болуп турган убагы. Талкуунун аягы суюлбай азыркыга чейин эле уланып келет. Анткени ырчы ютуб каналына кире коюп, ал жактан өзүнүн башы чапталган, фотошоп менен өзгөртүлгөн төшү 5 өлчөмдөгү денени көрүп, "шок" болгон. 

Буга нааразы болгон ырчы жеке баракчасына билдирүү жасап, мындай деп жазды: "Мени шылдыңдаганга ким силерге укук берди? Кайдагы төшү чөң 5-өлчөмдөгү бирөөнүн денесин менин башыма чаптап, анан болгон ушак, жаман сөздөрдүн баарын мени көздөй агызып жаткандын өзүн кандай түшүнсө болот, ютубдан өзүңөр жасап алып, мен жака ушактын баарын шыбагандын кереги жок!". 


Эске салсак, жакында эле ырчы кыз төшүн операция жолу менен жасаткандыгын айтып, көпчүлүккө өзү жарыя кылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-talipbek-srtn-fotoshop-menen-zhasap-alyp-ushak-taratyp-zhatkandarga-naarazy-boldu



Добавить комментарий