Чолпон-Атада сууга чөгүп бара жаткан эки кыз куткарылды

23 июль 2019 16:57 3389 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Ата шаарында көлгө чөгүп бара жаткан эже-сиңдилер куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Ичик иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багытындагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-июлда болжол менен кечки саат 21:00дор чамасында болгон. Анда аталган шаарда жайгашкан санаторийлердин биринде Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир туугандар эже-сиңдилер көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган кызы жардамга чакырып кыйкырган.

"Ошол учурда, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, №2 батальондун №1 ротасынын командиринин орун басары Тынчтыкбек Борбиев сууга чөгүп жаткан адамдарга жардам берүүгө умтулуп, аларга чейин сүзүп барып, жогорудагы көрсөтүлгөн жарандарды куткарып, суу жээгине алып чыккан. Андан соң, 102 кызматына чалып, ыкчам топ чакырылган. Ыкчам топ келгенче жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыкчам топ келген соң, жабырланган жарандар эч кимге болгон окуя боюнча арыз дооматы жок экендигин, эч кандай медициналык жардамга муктаж эместигин түшүндүрүшкөн",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-atada-suuga-chgp-bara-zhatkan-eki-kyz-kutkaryldy



Добавить комментарий