Көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткен пансионаттын кызматкерин милиция куткарып калды

17 август 2023 10:07 1265 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен милиционерлер куткарып калышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусундагы "Телтору" пансионатынын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине түнкү саат 01:00 чамасында кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айтып, жардам сурап кайрылган. 

“Ошол замат полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Таласбек уулу Нурсултан жана милициянын старшинасы Юсуп уулу Мирлан эс алуучулардан сураштырып, кыз көл жээкти көздөй кетип бара жатканын такташкан. Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып барышкан. Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон. Дагы бир адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине пансионаттын  директору ыраазычылык билдирген”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/tn-bir-ookumda-klg-tshp-zhatyp-chgp-ketken-pansionatta-ishtegen-kyzdy-miliciya-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий