Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титиреди

21 февраль 2020 10:00 617 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 20-февраль күнү саат 21:51де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган . Бул тууралуу ӨКМнин маалымат бөлүмү билдирди.  

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-sary-oj-ajylda-25-ballga-chejin-sezilgenzher-titir-bolgon



Добавить комментарий