Чоң-Алайда 27 жаштагы жаран карышкыр атканы кетип, көчкү алдында калып каза болду
Чоң-Алай районунун 27 жашташы жараны карышкыр атканы кетип, кар көчкүнүн алдында калып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, дайынсыз болгон жаранды табуу үчүн 22 милиция кызматкери 50дөн ашык куткаруучулар чыккан.
“6-февраль күнү саат 00:30 чамасында, Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Чоң-Алай районунун тургуну 27 жаштагы Ж.А., аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган.
Ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, ошол эле күнү саат 05:25 чамасында Ж.А., жансыз денеси көчкү жүргөн кардын астынан табылган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 6-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Чоң-Алай районунун тургуну, 27 жаштагы Ж.А., уруксат берүү тутумунда каттодо турган өзүнүн сайсыз 16 калибрдеги бир найлуу ок атуучу куралын алып, ошол айылдын беш мергенчиси менен карышкыр атуу үчүн Чоң-Алай районунун Кулчу айылынын тоолоруна барышып ал жерде жолду кыскартуу максатында, Ж.А., мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган.
Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин маалыматык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×