Чүйдүн тургуну аялы менен эс алууга чыгып, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн
Эркек киши кызганычтан улам аялын бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй областтык сотунун токтомунда айтылат.
“2017-жылы 25-февралда болжол менен саат 20:00дө Б. Б. аялын таксиге салып алып Новониколаевка айылынан четине алып кеткен. Ал жерден экөөлөп спирт ичимдиктерин ичишкен. Новониколаевка айылына кайра кайтып келе жаткан учурда аны буту-колу менен тепкиге алган.
Эркек киши бут кийиминин боосун чечип алып аялын муунткан, аял каза тапкандан кийин өзү окуя болгон жерден качып кеткен”,-деп айтылат соттун токтомунда.
Чүй областтык соту райондук сот тарабынынан чыгарылган чечимди күчүндө калтырды. Кызганчаак күйөө 12 жылга эркинен ажыратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/chjdn-turgunu-ayaly-menen-es-aluuga-chygyp-kijimdin-boosu-menen-muuntup-ltrgn
Добавить комментарий ×