Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имам кармалды

16 август 2023 12:59 1122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Чүй облустук УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн кармалган.

“1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран, жашы жете элек 2005-жылы туулган Б.М. жана 1995-жылы туулган Ш.Х. аттуу жарандарга нике кыйгандыгы аныкталган.  

Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө ага карата үй-камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-zhashy-zhete-elek-kyzga-nike-kyjgan-imam-karmaldy



Добавить комментарий