Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имам кармалды
Жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Чүй облустук УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн кармалган.
“1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран, жашы жете элек 2005-жылы туулган Б.М. жана 1995-жылы туулган Ш.Х. аттуу жарандарга нике кыйгандыгы аныкталган.
Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүнкү күндө ага карата үй-камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-zhashy-zhete-elek-kyzga-nike-kyjgan-imam-karmaldy
Добавить комментарий ×