Чүйдө тоноого шектүү жаран видео көзөмөлдүн жардамы менен кармалды

16 ноябрь 2020 12:14 838 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Москва районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде Москва районунун ИИБнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, дене жаракаттары менен эркек киши кайрылып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, анын өздүгү аныкталып, 1981-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран экендиги маалым болгон.

Териштирүү учурунда, 14-сентябда болжол менен саат 20:00 чамаларында Москва районунундагы парктардын биринен белгисиз жаран эч себепсиз жабырлануучуга кол көтөрүп, анын телефонун тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткени белгилүү болгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 20 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-uyulduk-telefon-tonoogo-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий