Чүйдө Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылышы болду
Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Социалдык шаарча президенттин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Катар кайрымдуулук фонду" тарабынан курулган.
Социалдык шаарчада 14 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).
Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ozernyj-ajylynda-socialdyk-shaarchanyn-achylyshy-boldu
Добавить комментарий ×