Чүйдө Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылышы болду

21 декабря 2020 15:45 712 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Социалдык шаарча президенттин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында “Катар кайрымдуулук фонду" тарабынан курулган.

Социалдык шаарчада 14 турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).

Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ozernyj-ajylynda-socialdyk-shaarchanyn-achylyshy-boldu



Добавить комментарий