Чүйдө мыйзамсыз курал-жарактарды сактагандарды аныктоо рейди өттү

1 август 2022 17:03 792 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча   рейд өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин  “Арсенал” аталышындагы ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулган.

"Иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктап алуу максатында өткөрүлгөн. Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курак-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары  жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-myjzamsyz-kural-zharaktardy-saktagandardy-anyktoo-rejdi-tt



Добавить комментарий