Чүйдө милиция кызматкерлери мал ууруларды кармашты (сүрөт)

28 август 2020 16:39 2585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө, Москва районунда жергиликтүу тургундун эки уюн уурдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөзкызматына таянып "Барометр" билдирет.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында мал уруулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жеңил жашоону каалап, жергиликтүү фермердин мал жандыктарын уурдап, ага ири материалдык чыгым келтирген жарандар кармалды.

Ушул жылдын 27-августта Москва районунун Сретенск айыл округунда жашаган жергиликтүү тургундун эки уюн уурдап кеткен. Такталган маалымат боюнча уурулукка каршы аракеттерди мурда соттолгон эки адам жасаганы белгилүү болгон. Бирөөсү КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси менен соттолгон жердиги Андижан шаарынан болгон Өзбекстандын жараны 1989-жылы туулган С.Э. экендиги аныкталды. Ал эми экинчиси Ош облусунун Алай районунун тургуну 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран, ал мурда КРнын жазык кодексинин 175-беренеси менен (Никеге туруу максатында адам урдоо) менен соттолгон. Аларды Чүй облусунун Москва районунун аймагынан кармоону  ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, алар эркинен ажыратуу жайларында бирге мөөнөтүн өтөп, ушул жылдын июль айында абактан бошошкон. Алдан ала маалымат боюнча жумуш жөнүндө жарыялар боюнча мал багуучу болуп орношушкан. Иштегендерине бир жума өтпөстөн жумуш берүүчүнүн малын уурдап кетишкен. Абалды пайдаланышып, түнкү маалда алар жергиликтүү тургундун сарайынан “симментал” жана “ала-тоо” асыл тукумдуу эки уйду уурдашкан. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 160 миңден ашык сомду түзгөн. Мал уруулар малдарды тезинен сатып, изин жашырууну көздөшкөн. Ошондуктан алар «lalafo» жарыя берүүчү тиркемесин пайдаланышып, жүк ташуучу автоунааны чакырышып, ага уурдалган уйларды жүктөшкөн. Бул учурда ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин келип калуусун алар эч күткөн эмес.

Аталган факты КЖБРге катталып, КРнын жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Урдоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Шектүүлөр Чүй облусунун Москва районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Ссылка: https://barometr.kg/chjd-miliciya-kyzmatkerleri-mal-uurulardy-karmashty



Добавить комментарий