Чүйдө 128 жерде күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды

8 июль 2020 12:07 1073 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда 128 жерде күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Күндүзгү стационарларды ачуунун алгачкы күнүнөн тартып ийне жана капельницаларды 1000-1300гө жакын бейтап алышууда. Ал жакта 191 медицина кызматкери кызмат көрсөтүүдө.  

"Медицина мекемелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда. Демөөрчүлөр тарабынан Токмок жана Чүй аймактык ооруканаларына 5 ИВЛ аппараты сатылып алынды. Бардыгы болуп облус боюнча ар кайсы булактардын каржылоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынды", - деп айтылат маалыматта.  

Койка-орундуктарды көбөйтүү жана аларды жабдуулоо боюнча иштер уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kndzg-daryloo-chn-1431-kojka-orunduk-dayardaldy



Добавить комментарий