Чүйдө 128 жерде күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды
Чүй облусунда 128 жерде күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Күндүзгү стационарларды ачуунун алгачкы күнүнөн тартып ийне жана капельницаларды 1000-1300гө жакын бейтап алышууда. Ал жакта 191 медицина кызматкери кызмат көрсөтүүдө.
"Медицина мекемелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда. Демөөрчүлөр тарабынан Токмок жана Чүй аймактык ооруканаларына 5 ИВЛ аппараты сатылып алынды. Бардыгы болуп облус боюнча ар кайсы булактардын каржылоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынды", - деп айтылат маалыматта.
Койка-орундуктарды көбөйтүү жана аларды жабдуулоо боюнча иштер уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kndzg-daryloo-chn-1431-kojka-orunduk-dayardaldy
Добавить комментарий ×