Чүйдө бир үйдөн үч уй уурдаган жарандар кармалды (сүрөттөр)
Чүй облусунун Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал сарайынан белгисиз адамдар үч баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген.
Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн.
Москва районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери
калган. Анын негизинде автоунаанын үлгүсү такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 55 жана 63 жаштагы жарандар кармалышкан.
Уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып беилген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын
бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап иш сотко жөнөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-bir-jdn-ch-uj-uurdagan-zharandar-karmaldy-srttr
Добавить комментарий ×