Чүй облусунда 13 жашар өспүрүм 6 жашар кызды зордуктап салды
Чүй облусуна караштуу Кызыл-Бирлик айылынын 13 жашар тургуну куч колдонуп, 6 жаштагы кызды зордуктап салды. Бул тууралуу “Молодые мамочки.кг” формунун алминистратору Асема Курманалиева билдирди. Анын айтымында, 13 жаштагы өспүрүм көчөдө ойноп жаткан кызды өзүнүн үйүндөгү огородго сүйрөп келип, мыкаачылык менен ур-токмокко алып, зордуктаган. “Кыздын кыйкырган үнүн көчөдө өтүп бара жаткан киши угуп калып, жардамга келген. Азыр кыз ооруканада абалы оор болуп жатат. Ага операция жасалды жана дагы операция болушу күтүлөт”, деп билдирди Асема Курманалиева.
Бул тууралуу укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек. Бирок, Аламүдүн районуна караштуу социалдык өнугүү министрлигинин үйбүлөө жана баланы коргоо бөлүмүнөн бул окуянын чын эле болгондугун тастыкташты. Аталган бөлүмдүн өкүлдөрү, мыкаачылык менен кызды зордуктаган бала акыл-эсинин өсүүсү начар өрчүп, буга чейин каттоого алынгандыгын, ага карата экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына жараша баланы дарылоо же реабелитациялоо керектиги чечилээрин, билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunda-13-zhashar-sprm-alty-zhashar-kyzdy-zorduktady
Добавить комментарий ×