Чиркегичтерди уурдап кеткен эргул колго түштү – видео

27 февраль 2020 09:43 566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери автоунаанын чиркегичтерин уурдап кеткен кишини кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 29-январда Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 2019-жылдын 25-декабрынан 2020-жылдын 28-январына чейинки аралыкта белгисиз кишилер Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги автоунаа токтотуучу жайдан иштебеген эки чиркегичти, бочканы алып кетишкенин айтып арыз жазган. Жогорудагы техниканы алар темир кабыл алгандарга тапшырып, жалпысынан 250 миң сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган Е.Э. аттуу киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда окуянын чоо-жайы тергелип жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/chirkegichterdi-uurdap-ketken-ergul-kolgo-tsht-video



Добавить комментарий