Чет жакта жүргөн канча кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды

27 март 2020 14:59 1970 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда чет жакта жүргөн беш кыргызстандыктан коронавирус табылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бириккен араб эмирлигинде бир, Пакистанда үч жана Испанияда бир кыргызстандык бар.

“Бириккен араб эмирдигинде бирөө, ал жиида шаарында болчу. 15-марттан тарта дарылана баштаган, абал туруктуу. Пакистанда үч жаранбар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди. Испанияда кыргызстандын бир жараны бар. Андан лаботориялык анализ алынып, ал тастыкталган. Элчилик аркылуу алынган маалыматтар боюнча алардын абалы туруктуу”, — деди Акматова.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 58 кишиге жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/chet-zhakta-zhrgn-kancha-kyrgyzstandykka-koronavirus-zhukkany-ajtyldy



Добавить комментарий