Чет өлкөдө 750 миңден ашык кыргызстандык иштеп жатат

29 сентябрь 2021 15:42 966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чет өлкөлөрдө 750 миңден ашык кыргызстандык мигранттар иштеп жатат.Мындай маалыматты “Кыргызстандын өнүгүү процесстерине эмгек мигранттарынын потенциалын тартып келүү” деп аталган тегерек столдун маалында Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин директору Таштанбек Каймазаров билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, көп жылдардан бери миграциялык сальдо тескери бойдон калып келет.

“Ресурстар, айрыкча айыл жеринде чектелүү болгондуктан өлкөнүн ички миграциясы жана чет өлкөгө кетүү-жаштардын жумушка орношуу жана социалдык статусун жогорулатуу боюнча жалгыз мүмкүндүгү катары боюнча калып жатат”,-деп айтты ал.

Каймазаров мигранттардын үй-бүлөлөрү которулган акчадан улам жакшы жашашарын кошумчалады.

“Көп учурда которулган акчалар үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин жарымынан дагы ашып кетет”,-деп белгиледи директор.

Ссылка: https://barometr.kg/chet-lkd-750-miden-ashyk-kyrgyzstandyk-ishtep-zhatat



Добавить комментарий