Мигранттардын Москвада төрөлгөн балдарына 20 миң рублден берилет

27 сентября 2021 13:44 1743 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын төрөт үйлөрүндө көз жарган мигрант аялдарга 20 миң рублден төлөнүп берилет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

 “Эгерде чет өлкөлүктөр балалуу болсо, шаардын бийлиги 20 миң рублден төлөп берет. Мигранттар мэр Сергей Собянинден акча же белек ала алышат.Белек катары жаңы төрөлгөн баланын кийимдери берилет”,-деп маалымдашты элчиликтен.

Буга чейин россиялык ЖМКлар мындай чечим өткөн жылдын февраль айында кабыл алынганын маалымдашкан болчу. Документке ылайык Москвада төрөлгөн ар бир баланын ата-энеси белек корзинасынын ордуна 20 миң рублден алса болот.

Белекти кандай алуунун жол-жоболору менен Москва шаардык мэриясынын сайтынан таанышууга болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/migranttardyn-moskvada-trlgn-baldaryna-20-mi-rublden-berilet



Добавить комментарий