Чемпиондор лигасында полиция футбол күйөрмандары тарапка көздөн жаш агызуучу газ колдонду
Чемпиондор лигасында полициясы футбол күйөрмандарын кармап кетти. Футбол сүйүүчүлөр көптөн күткөн Чемпиондор лигасынын финалында Мүнхендин "Бавария" клубу Париждин ПСЖ командасын 1:0 эсебинде жеңип алганына нааразы болуп, Парижде башаламандык уюштурушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип «Барометр» которду.
Башаламандыктан улам көчөлөрдө унаалар өрттөлүп, дүкөндөр талкаланган.
Буга чейин полиция тарабынан күйөрмандарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонулганы айтылган.
Коронавирус илдетине байланыштуу бул жылы Чемпиондор лигасы көрүүчүлөрүү жок өтөрү белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, финалдык беттеште "Бавария" франциялык "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубун утту. ПСЖнын мурдагы футболчусу, учурда "Бавариянын" намысын коргоп жаткан Кингсли Коман беттештин 59-мүнөтүндө башы менен киргизген жалгыз гол беттештин тагдырын чечип, мюнхендиктерге чемпиондук кубокту алып берди.
"Бавария" ушуну менен алтынчы ирет Чемпиондор лигасында жеңишке жетти.
Добавить комментарий ×