Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Билдирүүдө Тажикстандын аскер кызматкерлери, делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча буга чейинки келишимдерди бузгандыгы айтылат.
4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 1000 метр кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотушкан.
"Ошентип, тажик тарап буга чейинки келишимдерди бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутту, бул жакшы коңшулук жана достук мамилелерге туура келбейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×