Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды

4 июня 2021 10:39 1523 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев,  министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Билдирүүдө Тажикстандын аскер кызматкерлери, делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча буга чейинки келишимдерди бузгандыгы айтылат.

4-июнда саат 03:00дө Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 1000 метр кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотушкан.

"Ошентип, тажик тарап буга чейинки келишимдерди бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутту, бул жакшы коңшулук жана достук мамилелерге туура келбейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kyrdaaldy-zhng-saluu-chn-ukmknyn-bashchysy-tashiev-cho-alaj-rajonuna-bardy



Добавить комментарий