Чаткалдагы унаа жолундагы капчыгайга кар көчкү түштү

10 январь 2019 10:20 1536 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

9-январда Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-чакырымындагы капчыгайга көлөмү болжол менен 1000 м3 кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Түшкөн кардан улам жол убактылуу жабылган. Кар көчкүнү тазалоого  1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылып, ошол эле күнү саат 18:04дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылды. 

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, көчкүдөн жабыркагандар жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/chatkaldagy-unaa-zholundagy-kapchygajga-kar-kchk-tsht



Добавить комментарий